Ассоциация руководителей организаций
здравоохранения Кыргызской Республики

Медицина кызматкерлеринин күнү менен!

Урматтуу саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди чын дилибизден кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Медицина тармагы – ар бир мамлекеттин башында туруп, элинин саламаттыгына кам көрүп келген негизги тармак! Ден соолугу чың адам гана өз өлкөсүнүн бүгүнкүсүн бекемдеп, келечегине алгылыктуу салым кошо алат! Дал ушул жаатта медицина кызматкерлери турмуштун эң татаал кырдаалдарында адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн өз жанын аябастан күнү-түнү таш боор илдеттер менен алпурушуп келишет.

Урматтуу кесиптештер!

Баарыбызга белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо тармагынын кубаттуулугу – мыкты адистерде! Биздин жүздөгөн кесиптештерибиз чет өлкөлөрдө кыргыздын атын чыгарып татыктуу эмгектенип жүрүшөт. Учурда өлкөбүздүн башында турган инсандарыбыз да, биз да алардын өз мекенине кайтып келүүсүн жана топтогон мол тажрыйбасын өзүбүздүн медицина тармагын өнүктүрүүгө кошуусун тилеп жатабыз.

Саламаттыкты сактоо тармагында жүрөгү «элим» деп соккон адамдар эмгектенет! Кесиптик майрамыбыз куттуу болсун! Тынчтык, ынтымак жылоологон берекелүү жерибизде элибиз сак-саламатта болсун! Ар бирибиздин ишибизди ийгилик коштоп, медицина тармагыбыз өнүгө берсин!